Turmush — Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата Чолпон-Ата шаарындагы «Билим Ордо» мектеп-комплексинде «Эскерүү багы» ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, жеңиш тартуулаган ар бир ардагердин урматына бирден көчөт арналып, жалпы 80 көчөт отургузулган.
Бул демилге Чолпон-Ата шаардык мэриясы тарабынан колдоого алынып, 80 даана туя дарагынын көчөтү алынып берилген. Жашылдандыруу акциясына жалпы мектеп жамааты жана окуучулар катышып, эң алгачкы көчөттөр отургузулду.
- Белгилей кетсек, «Эскерүү багы» экологиялык акциясы эл аралык масштабда жүрүүдө. Иш-чаранын максаты — Улуу Жеңиштин, тынчтыктын жана достуктун урматына дүйнө жүзү боюнча 27 миллион дарак отургузуу.