Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 13.03.2015 18:01

Чолпон-Ата шаарынын бюджетинин көлөмү акыркы эки жылда эки эсеге өстү, - мэр

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын бюджетинин көлөмү акыркы эки жылда эки эсеге өстү.

Шаардын мэри Болот Бакиров аймактык кабарчыга билдиргендей, шаардын бул жылдагы бюджети 73 млн сомго жетет. Ал эми, 2013-жылдагы бюджет 45 млн сомду түзгөн. Мурунку жылы Чолпон-Ата шаарынын бюджетине түшкөн каражат 66 млн сомго жетип, мэрдин айтымында, бюджет 3 млн сомго ашыкча аткарылган.

«Жыл сайын шаардын бюджети салыктарды жана башка чогултуулардын эсебинен өсүп жатат», - деди мэр.

Шаардын бюджетин бөлүштүрүү боюнча 18-мартта отурум өтө тургандыгын кошумчалаган мэр, бюджеттин негизги бөлүгү билим берүүнү өнүктүрүү тармагына жумшала тургандыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×