Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 21.08.2015 16:52

Чолпон-Атада жеке менчик акча алмаштыруу жайлары 2 күндөн бери долларды сатып алып, кайра сатпай жатышат (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы бир катар жеке менчик акча алмаштыруу жайлары эки күндөн бери долларды сатып алып, кайра сатпай жатышат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жеке менчик акча алмаштыруу жайларында иштегендердин айтымында, 1 доллардын курсу 80 сомго чыгышы мүмкүн.

Ал эми, банктар долларды бүгүнкү курсу менен сатып алып,кайра сатууда.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы жеке менчик акча алмаштыруу жайларында жай мезгилинде доллардын курсун Бишкек шаарында көрсөтүлгөн курстан 1 долларга чейинки баада төмөн кармашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×