Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Видео: Чубак ажыны Ф.Гүлен менен жолугушууга мен жөнөткөн жокмун, - А.Атамбаев

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Чубак ажы Жалилов менен Ф.Гүлендин Америкадагы жолугушуусу тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, Чубак ажынын жолугушуусу Кыргызстандын көз карашын көрсөтпөйт, ал бейрасмий жаран катары бардык адамдар менен жолугушууга укуктуу.

«Билесиздер, ошол эле Чубак ажы муфтийликке талапкерлигин көрсөтүп жатканда, бул бийликтен жаман бийлик жок деп мени шыбаган. Мен аны жолугушууга жөнөткөн жокмун. Ар бир адамдын пикири болушу керек, биз эркин өлкөбүз. Чубак ажы биздин расмий муфтийибиз эмес, ал жолугушууга бийликтин өкүлү катары барган жок. Мен Гүленди тааныбайм.

Түрк туугандарыбыздын бизге таарынганы "Себат" мектептерине байланыштуу. Чындыгында ал лицейлер күчтүү мектептер. Алардын өтүнүчүнөн кийин лицейлерге болгон көзөмөл күчөтүлүп, 35%ы Билим берүү жана илим министрлигинде. Бизге бергиле деп ачык айттык, акчасын төлөйбүз, ага бир топ каражат кетет. Лицейдин аталышын "Сапат" деп койдук, менимче учурда андагы мугалимдердин 90%-95%ы кыргыздар. Биз мектептерди жаптырбайбыз, биз мектептерди көбөйтөбүз. Азыр бюджеттен 24% билим берүүгө кетип жатат.

Ал киши (Чубак ажы) бейрасмий адам, Гүлен менен, Эрдоган менен, башка бирөө менен жолукса да өз эрки. Кыргызстандын атынан болсо анда чара көрүлүшү керек. Чубак ажы түрктөрдү эле эмес, мени деле кээде шыбап, кээде мактап жатат, чымыны бар адам. Бул маселе боюнча эч нерсе айта албайм», - деди А.Атамбаев.

Чубак ажы Жалилов АКШга барган сапарында Фетхуллах Гүлен менен жолугушкандагы сүрөтүн жарыялаган.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч Бишкектеги маалымат жыйында, Чубак ажы Жалилов менен Фетхуллах Гүлендин жолугушуусу Түркияны тынчсыздандырып, капа кылганын билдирген. Буга катар эле Чубак ажы Жалилов 2016-жылдын 15-июлунан (Түркияда төңкөрүш жасоо аракетинен соң) кийин Гүлен менен жолугушкан биринчи диний ишмер экенин белгиледи.

Түркиянын бийлиги АКШда жашаган Фетхуллах Гүленди өлкөдөгү аскердик төңкөрүшкө катыштыгы бар деп айыптап келет.

0

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 22838
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×