Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Президент: Максим Бакиев Англияда болсо да өз жазасын алат

Turmush -  Максим Бакиев өз жазасын алат. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 24-июлда Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.

Журналисттердин бири мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим менен байланыштуу соттук процесстердин жүрүшү тууралуу сурады.

Президент бул иш боюнча бардык сырларды ачыктай албай турганын белгиледи.

«Биз маселени чечүүнүн жолун таптык. Мен азыр аны ачыктай албайм, себеби ал мамлекеттик сыр. Максим Англияда болсо дагы жазасын алат деп ойлойм. Бизде бул жерде шанс пайда болду, аны колдон чыгарбайбыз. Мен үчүн бул маанилүү маселелердин бири. Биз кээ бир чечимдерди уттуруп жибергенибизде Бакиев колдонгон акча роль ойноду. Экинчиден саботаж болду. Убактылуу өкмөт учурунда, өлгөн балдардын каны муздай электе эле Бакиевдин ишин улантууну каалагандар болгон. Бул жолу Максим бизден кача албайт», - деди президент.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1172
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×