Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Чолпон-Атада А.Атамбаевдин журналисттер менен болгон жолугушуусунан фоторепортаж

Turmush -  Бүгүн, 24-июлда Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандык журналисттер жана медиаэксперттер менен жолугушту. Саат 10:00дө башталып, 3 саатка созулган маалымат жыйында саясий-экономикалык абал, алдыдагы президенттик шайлоо, коррупцияга байланышкан соттук процесстер жана башка тармактарга байланыштуу суроолорго жооптор узатылды.

Жолугушуунун соңунда өлкө башчы журналисттерге ыраазычылык билдирип, өлкөдө басма сөз күчтүү экенин белгиледи.

«Биздин журналисттер мага өтө чоң жардам берди. Түздөн-түз гезиттерди карап, сайттардан көрүп жатып, көп кемчиликтерди көрдүм. Аз болсо да, көп болсо да көп жумуш жасалды. Ар бир иште силердин да эмгегиңер бар. Сиздер мага жардам бердиңиздер. Өз учурунда рахмат айткым келет, таарынбагыла (күлүп). Мен дагы адаммын, көп жаңылам», - деди Алмазбек Атамбаев.

3 жылдан бери өтүп жаткан жолугушууга быйыл 70тен ашык адам катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 909
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×