Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ысык-Көл

Чолпон-Атадагы үйлөргө суу эсептегичтер бекер орнотулууда

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы үйлөргө суу эсептегичтер бекер орнотулууда. Бул тууралуу шаардын «Суу түтүк» ишканасынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, суу эсептегичтер Совет жана Акималиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөргө, Семетей жана Биджай кичи райондорунда орнотулуп жатат. Алар орнотулуп бүткөн соң шаардыктар пайдаланган сууга акы төлөшөт. Шаар жетекчилиги ичүүчү суунун эсебин алууга мүмкүндүк алат. Натыйжада шаардын суу тутумундагы ичүүчү сууну пайдалануудагы жоготуулар азаят деп күтүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 843
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×