Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Чолпон-Атадагы айып аянтчадан фоторепортаж: «Порше Кайен», «Лексустар» жана «БМВ Х5»

Turmush -  Туристтик сезондун башталышы менен Чолпон-Ата шаарындагы айып аянтчасына токтотулган унаалардын саны 2 эсе көбөйдү.

Патрулдук милициянын маалыматына караганда, эс алуучулардын көп келгендигине байланыштуу Ысык-Көл районунун айып аянтчасы толуп калды.

«Ысык-Көл районунун аймагында июнь айынан тарта 40 жол кырсык катталып, анын кесепетинен 66 адам жаракат алып, 10 адам каза болду. Жыл башынан бери 61 жол кырсык катталып, 17 адам мерт болду. Жол кырсыктардын 70% ашыгы туристтик сезонго туура келет», - деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл районунун аймагында күнү-түнү 4 экипаж иштеп жатат. Буга катар ИИМдин буйругу менен Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан кошумча күчтөр тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 818
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×