Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ысык-Көл

Чолпон-Атада Өзбекстандан келген ишкер айымдын 5 миң доллар салынган сумкасын уурдап кетишти

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандан келген ишкер айымдын ири суммада акча салынган сумкасын белгисиз адамдар уурдап кетишти.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, 6-августта милиция кызматына арыз менен Өзбекстандын жараны кайрылган. Ал «Оймо» эл аралык фестивалына катышуу үчүн келген. Жабырлануучу арызында белгисиз адамдар анын сумкасын уурдап кетишкенин жана анын ичинде 5 миң доллар акчасы болгонун жазган. Ал эми, анын сумкасындагы паспортун уурулар коңшу дүкөнгө ыргытып кетишкен.

Ташкенттен келген аял фестивалга колго жасалган буюмдарды алып келген. Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7646
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×