Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Чолпон-Атада №44 жатак абакта камалгандар өздөрү үчүн мончо оңдоп жатышат (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы №44 жатак абагында камалгандар үчүн мончону кайра оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Тынчтыкбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, мончо 10 жыл мурун курулган. Бирок, абалы начар болгондугуна байланыштуу акыркы жылдары пайдаланылбай калган.

«Азыр мончону жана кир жуучу бөлмөнү оңдоп жатабыз. Курулуш материалдарын алууга 217 миң сом бөлүнгөн. Оңдоо иштерин камактагылар өздөрү жасап жатышат. Саналуу күндөрдөн кийин пайдаланууга берилет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 884
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×