Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Кыргызстандык спортчу тогуз коргоол боюнча эл аралык турнирде алтын медаль утту

Turmush -  Кыргызстандык Анарбек Жамакеев Чолпон-Ата шаарында 5-августтан 12-августка чейин өткөн тогуз коргоол боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турнирге АКШ, Кытай, Казакстан жана Кыргызстандын спортчулары катышып, ал тогуз коргоол оюнунун заманбап эрежелеринин негиздөөчүсү Омор Касманкуновдун элесине арналды.

Эркектер арасында өткөн таймашта Анарбек Жамакеев казакстандык спортчулар Нурсултан Сулейманов жана Ернур Мерешевди жеңип, алтын медалга ээ болду. Айымдар арасында өткөн таймашта байгелүү орундардын барын Казакстандын спортчулары багындырды.

Турнирдин жыйынтыгында командалык оюндарда биринчи орунга Казакстандын курама командасы ээ болсо, Кыргызстандын балдар командасы үчүнчү орунду ээлешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 520
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×