Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Чолпон-Атада сезон убагында күн сайын 150-200 куб таштанды чыгып жатат, - «Тазалык» ишканасы

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынан күн сайын 150-200 куб таштанды чыгып жатат. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Эмилбек Абыкеев билдирди.

Анын айтымында, сезон маалында эс алуучулар менен бирге калктын саны 150 миң адамга жетүүдө.

«Чолпон-Атада 12 миң адам каттоого алынган. Алардан күнүнө 50 куб таштанды чыкчу. Сезон убагында эс алуучулардын саны көп болот. Унаалардын саны дагы көбөйүп, шаарда тыгын болгондуктан таштанды ташуучу унаалар таштанды төгүп келгиче 2 саат убакыт өтүп жатат. Биздин техникалар 12 миң кишини тейлөөгө эсептелген. Тургундар таштанды үчүн киши башына 15 сом төлөшөт», - дейт ал.

Таштандыга дебитордук карыз 1 млн 200 миң сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 633
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×