Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 22.08.2017 11:34

Чолпон-Ата шаарында «Ысык-Көл - 2017» экономикалык форуму өтүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 22-августта Чолпон-Ата шаарында «Ысык-Көл - 2017» экономикалык IV форуму өтүп жатат.

Форумда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөр жана алардын келечектеги пландары талкууланат. Форумга катышуу үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү жана ишкер өнөктөштөрү чакырылган.

Инвестицияларды тартуу жана экспортторду алдыга жылдыруу боюнча агенттиктин башчысы Алымбек Орозбековдун айтымында, Кыргызстанда инвестицияга ылайыктуу шарт бар.

«Инвестиция тартууга жакшы шарттарды түзүү боюнча активдүү иштеп жатабыз. «Ысык-Көл - 2017» экономикалык форуму өлкөлөрдөгү бизнес коомчулуктардын ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө жол ачат. Бул иш-чара биздин өлкөлөр ортосундагы эки тарапка тең пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө өбөлгө болууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×