Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Чолпон-Атада 21 млн долларга саркынды сууларды тазалоо жайы курулат

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында саркынды сууларды тазалоо жайы курулат. Бул тууралуу суу чарба ишканасынын жетекчиси Махмуд Турдакунов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин саркынды сууларды тазалоо жайы СССР учурунда курулуп, бирок толук бүтпөгөндүктөн ишке берилбей калган. Долбоор алкагында кайрадан техникалык экономикалык негиздеме иштелип чыкты.

«Техникалык экономикалык негиздемени иштеп чыккандан кийин 21 млн доллар керектелери билинди. Ал суткасына 36 миң куб сууну тазалашы керек. Учурда каржы маселесин чечүү иши каралууда. Учурда саркынды суулар механикалык жол менен гана тазалат. Ага Чолпон-Ата шаарынын 12 миң калкынан чыккан саркынды суу жана 12 пансионат, ошондой эле 70ден ашык кичине эс алуу жайынын саркынды суулары тазаланат», - деди М.Турдакунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 480
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×