Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Чолпон-Атада куткаруучулардын окуусу өттү (видео, фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүмү тарабынан суудан куткаруунун элементтерин жана суу алдындагы техникалык иштерди көрсөткөн практикалык иш-чара өткөрүлдү.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана токтотуу боюнча ведомство жетекчилеринин тогузунчу кеңешмесинин алкагында өттү.

Кыргызстандын ӨКМнин куткаруу бөлүмүнүн иш-чарасы үч баскычта өттү:

1. Өрттү өчүрүү жана чектөө, уулу зат төгүлүү менен коштолгон жол кырсыктарын жоюу, ошондой эле алыскы чөлкөмдөрдө издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү;

2. Ысык-Көл акваториясында суу алдындагы техникалык иштерди уюштуруу жана өткөрүү;

3. Ысык-Көл акваториясында издөө-куткаруу иштерин уюштуруу жана өткөрүүү.

Практикалык иш-чарада куткаруучулар атайын жазылган сценарий менен куткаруу иштерин жүргүзүштү. Сценарийдин мазмуну боюнча 2017-жылдын 25-августунда Чолпон-Ата шаарында 7 баллдык жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн кесепетинен адамдар жабыр тартып, өрт чыгып, комуналдык-электрдик түйүндөрдө, курулуштарда, байланыш түйүндөрүндө кыйроолор, уулу зат төгүлүү менен коштолгон жол кырсыктар болгон.

Сценарий боюнча эң татаал кырдаал Чолпон-Ата шаарындагы медициналык-реабилитациялык комплекс «Ден соолукта» болот. Ал жерде жер титирөөнүн кесепетинен кыйроолор болуп, электр чубалгылары бири-бирине тийишип, имараттын биринчи кабатынан чыккан өрт башка кабаттарга жайылат. Эшикке чыгууга мүмкүнчүлүк болбой, имараттын ичиндеги адамдар курулуштун жогорку кабаттарына жана чатырына чыга башташат.

Куткаруучулардан өрттү өчүрүү, имараттын ичиндеги адамдарды издөө жана куткаруу иштерин жүргүзүү талап кылынган. Аталган жерде ӨКМдин аймактык бөлүмү, жарандык коргоо жана күч түзүмдөрүн башкаруу бөлүмү куткаруу иштерин жүргүзүштү. Алар зарыл болгон бардык иштерди аткарып, өрттү өчүрүп, жабыр тарткан адамдарды медициналык пункттарга жеткиришти.

Иш-чаранын соңунда парашютчу-коргоочулар тик учактан Шанхай кызматташтык уюумуна мүчө мамлекеттердин желектери менен жерге секиришти.

24-25-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана токтотуу боюнча ведомство жетекчилеринин тогузунчу кеңешмеси өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1065
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×