Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Фото - Ысык-Көлдө улуттук оюндар боюнча «Манас оюндары-2017» мелдеши өтүп жатат

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 26-августта «Манас оюндары-2017» улуттук жана элдик оюндардын, көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогунун салтанаттуу ачылышы болду.

Өкмөткө караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, аталган оюндардын ачылуу аземи Бишкектен барган чыгармачыл топтун сахналаштырылган көрсөтүүсү менен башталды. Анда кыргыз элинин тарыхынан үзүндү жана улуттук спорт түрлөрүнүн өнүгүшү көрсөтүлдү. Ошондой эле, Бишкек, Ош шаарларынын жана жети облустун өкүлдөрү катышкан парад менен коштолду. Иш-чарага аталган агенттиктин директору К.Арпачиев жана Ысык-Көл районунун акими Д.Иманалиев катышты.

К.Арпачиев өз сөзүндө улуттук «Манас оюндары» 2018-жылы өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык экенин белгиледи.

«Манас оюндарынын» алкагында ордо, тогуз коргоол, салбурун, алыш, кыргыз күрөш, көк бөрү, эр эңиш, ат чабыш оюндары боюнча таймаштар болот.

Улуттук оюндардын баалуулугун арттыруу максатында өтүп жаткан мелдешке 7 облустун жана Ош, Бишкек шаарларынын командалары катышып жатышат.

Алар 31-августка чейин улуттук оюндардын түрлөрү боюнча күч сынашууну улантышат жана Эгемендүүлүк күнүндө жеңүүчүлөр аныкталып, иш-чара атайын салтанаттуу сыйлоого арналган программа менен жыйынтыкталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 709
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×