Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Ысык-Көлдөгү «Манас оюндарынын» жеңүүчүлөрү 1,2 млн сом сыйлык алышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда «Манас оюндары-2017» улуттук жана элдик оюндардын расмий жабылышы болду. 26-августта башталган мелдешке өлкөнүн жети облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген спортчулар катышып, элдик оюндардын 11 түрү боюнча күч сынашты.

Оюндардын жыйынтыгында 4-орунду Чүй облусу алып, 300 миң сом байгеге ээ болсо, 3-орунга Ош облусу татыктуу болуп, 500 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. 2-орунга Жалал-Абад облусу ээ болуп, аларга 1 миллион сом берилди. Ал эми, байге фонду 1 миллион 200 миң сом болгон 1-орунду Бишкек шаары багындырды.

Улуттук жана элдик оюндардын жабылуу аземинде жеңүүчүлөргө байгени президенттин кеңешчиси М.Абылгазиев тапшырып, бул иш-чаранын Кыргызстандын келечеги үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

«Манас оюндары 4 жылда бир өткөрүлүп, жыл сайын жогорку баскычка көтөрүлүп жатат. Мен биздин улуттук оюндар өлкөбүздө эле эмес дүйнөнүн башка мамлекеттеринде да өз ордун табат деп ишенем. Буга ондогон өлкө суктануу менен күбө болгон Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мисал боло алат. Барыңарды оюндардын өткөрүлүшү жана ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен куттуктайм. Өлкөбүз өнүгө берсин», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 657
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×