Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Чолпон-Атадагы коомдук жайда денеси табылган кишинин өздүгү аныкталды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында жансыз денеси табылган кишинин өздүгү аныкталып, 53 жаштагы Б.Акылбек экени такталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 4-сентябрда болжол менен саат 10:45 чамасында Ысык-Көл РИИБге Курорт жана Сокен Чекиров көчөлөрүндө таштандынын жанында белгисиз эркек кишинин жансыз денеси жатканы жөнүндө телефон аркылуу маалымат түшкөн.

Ал жерге ыкчам топ барып, жансыз денени текшерип, зомбулуктун белгилери жок экендигин аныкташкан. Текшерүүдөн кийин жансыз дене райондук оорукананын өлүкканасына жеткирилди. Окуянын күбөлөрү анын турутуу жашаган үйү жок экенин жана алкоголдук ичимдиктерди көп ичип келгендигин айтышты.

Аталган факты Ысык-Көл РИИБге катталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 807
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×