Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Чолпон-Атада муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Уюштуруучулардын айтымында, аталган иш-чарага Ысык-Көл районундагы социалдык абалы төмөн үй-бүлөлөр чакырылган. Акциянын жүрүшүндө шаар тургундары, жеке ишкерлер аз камсыз үй-бүлөлөргө жолугуп, материалдык жардам көрсөтүштү.

«Жардам берүүнү каалагандар өтө көп келип, окуучуларга керек кийим-кечелерди, окуу куралдарын алып келишти», - дешти уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 337
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×