Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Фото, видео - Ысык-көлдүк эне майып келини, неберелери менен 13 күндөн бери көчөдө жашап жатат

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бает айылындагы жалгыз бой эне Кундуз Өмүралиева 13 күндөн бери көчөдө жашап жатат.

К.Өмүралиева Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ушул жылдын 13-сентябрында анын үйүнөн өрт чыгып, үйү жараксыз болуп калган. Ошондон бери ал өз короосунда, ачык асман алдында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген келини жана уулу, неберелери менен күн кечирүүдө.

К.Өмүралиева кайдыгер карабаган адамдардан жана бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурайт.

Ал белгилегендей, 2015-жылы жолдошу каза болсо, 2016-жылы уулунан ажыраган, ал эми 2017-жылы үйү өрттөнүп кеткен.

«Келиним 2-топтогу майып. Жергиликтүү бийлик эч кандай жардам көрсөткөн жок. Ошондуктан биз элден жардам сурап жатабыз», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3582
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×