Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Чолпон-Атада Дүйнөлүк туризм күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы облустук маданий-тарыхый корук музейинде Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чаранын алкагында ачык эшиктер күнү уюштурулуп, аталган музейдин жамааты Ысык-Көл районундагы эс алуу жайлардын, санаторийлердин сүрөттөрүн көргөзмөгө коюшту.

Мындан сырткары, жергиликтүү кол өнөрчүлөр жасаган буюмдарын көргөзмөгө коюп, туризм багытындагы жетишкендиктер туурасында маалыматтар айтылды.

Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүн белгилөө чечими Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан 1980-жылы 27-сентябрда кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 393
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×