Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Чолпон-Атанын мэриясына жана 4 айыл өкмөткө тракторлор тапшырылды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун 4 айыл өкмөтүнө жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясына МТЗ-82 үлгүсүндөгү тракторлор тапшырылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Тракторлордун ачкычын өкмөттүн облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев салтанаттуу тапшырып, мындай жардамдар ар тараптуу багытта улана берерин айтты.

Тракторлорду алууда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду каражаттын 30%ын төлөп берген. Ал эми калган акчасын алган тарап белгиленген убакытка чейин төлөп беришет. Бир трактор 1 млн 380 миң сом турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 691
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×