
Turmush - Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаа 2 аялды сүзүп кетти. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, окуя бүгүн, 28-сентябрда саат 12:00 чамасында болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, К.Кенжебектин башкаруусундагы унаа жөө жүргүнчүлөр — Чолпон-Атанын 1984-жылы туулган тургуну И.Ч. менен Кара-Балтанын 1966-жылы туулган тургуну А.Э.ны сүзгөн.
Учурда жабырлануучулар ооруканада дарыланып жатат. Окуяга байланыштуу тактоо, териштирүү иштери башталды.