Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Фото - Көз жумган 4 адамдын бири кош бойлуу келин: Чолпон-Атада тез жардам кызматы менен 23 жаштагы кыздын унаасы сүзүштү

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында тез жардам кызматынын унаасы катышкан жол транспорт кырсыгынын кесепетинен 4 адам каза болду. Анын бири кош бойлуу келин экенин Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Кырсык бүгүн, 1-октябрга караган түнү саат 03:00 чамасында болгон. Тез жардам кызматынын бригадасы чакыруу менен Ысык-Көл районундагы Бает айылына барып, кош бойлуу келинди алып жолго чыгышкан. Ал унаа Чолпон-Ата шаарынын кире беришине жеткенде артында бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы башкаруусун жоготуп, аны менен сүзүшкөн. Бул кагышуудан кийин тез жардам кызматынын унаасы бир нече жолу оодарылып кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1959-жылы туулган айдоочу, 1961-жылы туулган фельдшер, 1998-жылы туулган кош бойлуу келин окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми, кош бойлуу келиндин жанындагы тууганы (35-40 жаштар чамасындагы аял киши) оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн үзүлгөн.

Turmush басылмасына белгилүү болгон алдын ала маалыматтар боюнча, «Мерседес-Бенц» унаасын Кербен шаарында жашаган 23 жаштагы кыз башкарып жүргөн. Айрым маалыматтар боюнча, ал окуя учурунда алкаголдук ичимдик ичкен абалда болгону аныкталган. Учурда бул окуяга байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11778
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×