
Turmush - Чолпон-Ата шаарында 4 адамдын өмүрүн алган жол транспорт кырсыгына себепкер болгон «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын ээси — Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган тургуну Т.Тахир экендиги аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБдин жетекчиси Нургазы Увалиев билдирди.
Анын айтымында, 4 адам каза болгон жол кырсык боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-4-бөлүмдөрү (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду. Ал эми аталган унаанын ээсине 284-берене (мас абалында же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын айдоого жол берүү) боюнча кылмыш иши козголду. Жол кырсыктан кийин дароо унааны башкарган кыздын организминде алкоголдук ичимдик бар экени текшерилип, жыйынтыгында аталган факт тастыкталган.
Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери унааны башкарган кыз КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренесинин негизинде 48 саатка камакка алынганын билдирди. Белгиленген убакыт өткөндөн кийин райондук сот анын баш коргоо чарасын карайт. Кармалгандар көрсөтмө берип жатканда Ысык-Көлгө эс алууга келишкендигин билдиришкен.
Камакка алынган Жибектин айтымында, ал тез жардам унаасын ашып өтүүгө аракет кылган.
«Жолдо ал унааны ашып кетүүгө аракет кылгам. Бурулуу тууралуу маалымат берүүчү сигналды күйгүзгөм. Бир убакта фаранын алыскы жарыгын көрдүм. Оңго бурулайын деп жатканда унаа менен сүзүштүк. Айдоочулук күбөлүктү Ош шаарындагы унаа айдоону үйрөтүүчү мектептен алгам. Жанымдагы балдар спирт ичимдигин ичишкен. Мен ичпегендиктен алар менден унааны айдап, дүкөнгө барып келүүнү суранышкан болчу», - деди ал.
Ал эми унаанын ээси Тахир достору менен Чолпон-Ата шаарына мейманга келгендигин билдирди. «Биз сыра ичкенбиз. Арабызда Жибек аттуу дос кызыбыз бар болчу. Бирок ал сыра ичкен эмес. Ошондуктан ал рулга отурган. Чолпон-Ата шаарынын борборундагы дүкөндөрдүн бирине бара жатканбыз», - деди ал.
Окуя тууралуу: