Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 21.07.2018 13:11

Чолпон-Атада Россия киносунун жумалыгы башталды

Turmush -  Кечээ, 20-июлда Чолпон-Ата шаарында Россия киносунун жумалыгы башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага Россиянын актерлору, маданият кызматкерлери Наталья Аринбасарова, Елена Лебедева, Сергей Пускепалис, Людмила Чурсина, Александр Тютин, Павел Шевандо, Дмитрий Ткаченко катышты. Кыргызстандан маданият министиринин орун басары Айнура Султанбаева, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Россиялык делегациянын мүчөлөрү «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланышты.

Быйыл үчүнчү ирет өтүп жаткан Россия киносунун жумалыгынын алкагында концерттик программа тартууланып, жумалыктын алгачкы тасмасы болгон «Биринчи мугалим» көрсөтүлдү. Иш-чара 25-июлга чейин уланып, ар бир күнү атайын тандалган тасмалар көрсөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×