Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 21.07.2018 13:28

Сүрөт — Чолпон-Атада эл аралык экономикалык форум өтүп жатат

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Ысык-Көл-2018» V эл аралык экономикалык форум өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, ага мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, ата мекендик ишкерлер, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана башка чет өлкөлөрдөн келген инвесторлор катышууда. Алар форумдун алкагында ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу жана кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашат.

Форумду Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги уюштурууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×