Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 22.07.2018 19:05

Журналист Улан Эгизбаев 28 жашында көз жумду

Turmush -  «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев Чолпон-Атада көз жумду. Бул тууралуу «Азаттык» жарыялады.

Маалыматка караганда, Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлгө жубайы менен бирге эс алууга барып, 22-июлда түштөн кийин сууга чөгүп кеткен. Окуя алар эс алып жаткан «Акун» пансионатында көлдүн жээгинде болду. Журналист окуядан кийин ооруканага жеткирилип, бирок көп узабай көз жумган. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кырсык болгон жерге тергөөчүлөр тобун жөнөттү.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУда саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

Маркум жубайы экөө биринчи наристесин күтүп жатышкан эле.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кочкор районунда өтөт. Маркумдун ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×