Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 23.07.2018 08:02 Жаңыланды: 23.07.2018 09:06 На русском

Ысык-Көлдүн жээгинде жаш кыздын денеси табылды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында көлдүн жээгинен жаш кыздын денеси табылып, милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул маалыматты Turmush басылмасына булактар билдирди.

Айрым маалыматтар боюнча, дене 17-июлда табылган. Анын өздүгү такталып, Нарын облусундагы Нарын районунун 1994-жылы туулган тургуну О.Мээрим экени белгилүү болгон. Алдын ала кароо жүргүзүү учурунда денесинде күч колдонулган белгилер байкалган эмес.

Маркум сиңдиси менен бирге Бишкек шаарында жашап жаткан. Ал 15-июлда кечинде иштери менен Нарын шаарына бара турганын айткан. 16-июлда эртең менен үйдөн сиңдисине айтпастан чыгып кетип, ошол бойдон кайткан эмес. Ал эми сиңдиси телефон аркылуу байланышууга аракет кылганда өчүрүлгөн болгон.

2018-жылдагы сууга түшүү мезгилинде муну менен адам көлгө чөгүп каза болгон 8 учур катталды.

- 24-июнда Тоң районунун аймагында Тогуз-Булак айылынын 16 жаштагы тургуну Т. уулу Ырыс көлгө чөгүп кеткен. Аны классташтары менен бирге көлдүн жээгине эс алууга атасы унаасы менен алып барган болчу;

- Көлдөгү пансионаттардын биринде Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган тургуну А.Тилек көлгө чөгүп кеткен. Ал достору менен бирге Ысык-Көлгө эс алууга 22-июнда барып, окуя 24-июнда саат 17:00 чамасында болду;

- Дагы бир кырсык 25-июнда саат 19:00 чамасында Балыкчы шаарында болду. Маркум — 2001-жылы туулган С. кызы У. Нарындагы Ак-Талаа районунун тургуну болгон. Ал убактылуу Балыкчы шаарында иштеп жүргөн;

- Каракол шаарындагы пляждардын биринде Ак-Суу районундагы Ак-Булак айылынын 1995-жылы туулган тургуну С.Нурлан көз жумду. Ал эс алууга 30-июнда жубайы, кайын эжеси жана бажасы болуп Ысык-Көлгө барышкан болчу;

- 17-июль күнү куткаруучулар 1997-жылы туулган Р.К. аттуу жигиттин денесин табышты. Ал Чолпон-Ата шаарындагы пляждардын биринде эс алып жаткан болчу;

- Кечээ, 22-июлда түштөн кийин «Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Улан Эгизбаев да көлгө чөгүп каза болгону маалымдалды. Ал жубайы менен бирге «Акун» пансионатында эс алып жатышкан.

Аны суудан чыгырышып, ооруканага жеткиришкен. Бирок жыйынтык чыкпай, журналист 28 жашында көз жумду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×