Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 23.07.2018 16:24

Ысык-Көлгө келген актриса Наталья Аринбасарова: «Саманчынын жолундагы» эненин ролун аткаргым келет (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Россия киносунун жумалыгына РСФСРдин Эмгек сиңирген артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты жана башка бир топ сыйлыктардын ээси Наталья Аринбасарова да келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга ал биринчи жолу 54 жыл мурун келген.

«Кыргызстан мени мен ойлогондон да мыкты тосуп алды. Ысык-Көлдүн жээгине кайра келүү мен үчүн чоң кубаныч. Азыркыга чейин кинолорго тартылып, ролдорду аткарып келем. Мен Кыргызстанда дагы тасмага тартылгым келет. «Саманчынын жолу» повестиндеги эненин ролун жараткым келет, бирок жаш курагыма байланыштуу кыялымды орундата албайм. Ч.Айтматовдун баардык каармандары мыкты, алардын ар бири мен үчүн баалуу», - деди ал.

Ал белгилегендей, жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы анын жашоосу менен тыгыз байланыштуу.

«Мен анын чыгармаларынын негизинде тартылган эки тасмада роль жараттым. Бирок «Саманчынын жолуна» тартыла албай калдым. Мен анда Алимандын ролун ойношум керек болчу. Бирок мен окуумду улантышым керек болду.

Композитор Микаэл Таривердиевдин жубайы Вера Таривердиева бир нече жыл мурун мага «Ас жана Мен» деген программаны жасоону сунуш кылды. Анда Таривердиев жазган чоң чыгармалар камтылган, себеби ал композитор Ч.Айтматовду жакшы көрчү жана аны менен дос болчу.

Мен болсо көркөм прозаларды окуйм, бул абдан жакшы концерт, себеби анда жапон органисти Хирико ойночу. Бизде бул концерт ар кандай шаарларда болду. Жада калса Жапонияга дагы чакырып жүрүштү. Мен Бишкекте да ушундай зал бар экенин билем. Быйыл Чыңгыз Төрөкуловичтин мааракесине карата кыргыз көрөрмандарынын алдына чыккым келет», - деди ал.

Наталья Аринбасарова белгилегендей, жазуучунун баардык чыгармалары экрандаштырылган.

«Ал Кыргызстандын жана Москванын искусствосу үчүн көп иштерди жасады. Кыргыз киносунун феномени сөзсүз түрдө Ч.Айтматов менен байланыштуу. Ал Г.Базаров, Б.Шамшиев, Т.Океевдер менен дос болчу», - деди ал.

Мындан тышкары, ал азыркы жаштар сөзсүз түрдө Ч.Айтматовдун чыгармаларын окушу керектигин белгиледи.

«Ч.Айтматовдун чыгармаларын мектепте азыркыдан дагы көбүрөөк окутуш керек. Ата-энелерге дагы кеңеш бериш керек, бул уникалдуу жазуучу да. Анын чыгармаларын окуп, аны сезген адам эч качан жаман адам болбойт. Ал руханий дүйнөнү байытууга өбөлгө болот. Анын чыгармалары чыны менен жан дүйнө үчүн жазылган», - деп жыйынтыктады ал.

Ошондой эле ал баардык кыргызстандыктарды улуу жазуучунун мааракеси менен куттуктап, эми ал ушул жылдын октябрь айында келе турганын кошумчалады.

Наталья Аринбасарова «Биринчи мугалим», «Жамийла», «Улан», «Тандоо», «Нандын даамы» жана башка көптөгөн тасмаларда роль жаратып, бүткүл Советтер Союзуна белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×