Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 03.08.2018 17:59

Чолпон-Атада эл аралык «Оймо» фестивалына 150 чет элдик кол өнөрчүлөр катышууда (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында «Оймо» эл аралык фестиваль жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Жарманкеге Индия, Өзбекстан, Казакстан, Афганистан өлкөлөрүнөн 150 кол өнөрчү келип, жарманкеде өз колдорунан жаралган буюмдарын сатышып, мындан сырткары мастер-класстарды өткөрүштү.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын эң негизги максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлөргө колдоо көрсөтүү, маданий мурасты сактоо жана Ысык-Көлдү маданий эл аралык борборго айлантуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×