Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 13.08.2018 16:37 На русском

Президенттер үчүн VIP-зона: Көчмөндөр оюндарына даярдыктын жүрүшү (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык уланууда. Бул тууралуу 13-августта Өкмөттүн аппараты, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурган пресс-турда маалым болду.

Ат майдандын директору Эламан Мамытов аталган объект 2016-жылы курулуп, пайдаланууга берилгенин билдирди.

«Бул ат майданда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн, эми сентябрь айында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтмөкчү. Учурда даярдык иштери уланууда. Кошумча жарык берүүчү жабдыктар орнотулду. Көк бөрү оюну үчүн атайын аянтча даярдалып жатат. Буга чейин аянтчада кум көп болгондуктан, анын жарымын азайттык», - дейт ал.

Пресс-турдун алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында Кыргызстандын президенти, чет элдик коноктор (оюнга катыша турган өлкөлөрдүн президенттери же премьер-министрлери) отура турган жер көрсөтүлдү.

«Ат майдандын 3-кабатында атайын конференц-зал бар. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн мамлекеттик күзөт кызматы жана милиция иштеп жатат. Бардыгы бийик деңгээлде болушу үчүн аракет кылабыз», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×