Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 14.08.2018 08:35

Чолпон-Атада Ч.Айматовдун «Гүлсарат» чыгармасынын негизинде жасалган эстелик тургузулат (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Ч.Айтматовдун «Гүлсарат» чыгармасынын негизинен алынган эстелик тургузулат. Бул тууралуу кечээ, 13-августта курорттор жана туризм боюнча дирекциянын жетекчиси Кубанычбек Абдраков билдирди.

Анын айтымында, атайын буйруктун негизинде эстелик үчүн орун даярдалып жатат.

«Эстелик үчүн даярдыкты 15-августка чейин бүтүрөбүз. Россиянын Свердлов облусунда Кыргызстандын жана Казакстандын скульпторлору иштеп жатат. Бул алардын биргелешкен иши. Эстеликти бизге Свердлов облусу белек кылып жатат», - деди ал.

Салмагы 4 тоннага жеткен эстелик 25-августка даяр болуп, Чолпон-Атага жеткирилет. Ал Ч.Айматовдун 90 жылдыгына карата жасалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×