Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 14.08.2018 12:16

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы Ысык-Көлдүн жээгинде Көчмөндөр оюндарына даярданып жатышат (фото)

Turmush -  Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы Ысык-Көлдүн жээгинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жатышат.

Курама команданын машыктыруучусу Тилек Урманбетовдун айтымында, Кыргызстандын командасында мыкты оюнчулар мыкты күлүктөрү менен чогулган.

«Командада 12 оюнчу бар. Жалпы 18 күлүктү даярдап жатабыз. Күн сайын көлдүн жээгинде, тоодо, ат майданда машыгуулар болуп жатат. Команданын мүчөлөрү абдан активдүү машыгууда, биз үчүн ар бир мүнөт баалуу. Атаандашыбыз дагы күчтүү. Алардын бири — Казакстандын командасы. Биз Кыргызстандын намысын коргоп, кыргыз жигиттери эмнеге жөндөмдүү экенин көрсөткүбүз келет.

Командада Ахиллес, Атаман, Бойка каймана аттуу күлүктөр бар. Алар лидер болуп саналат, буга чейин көптөгөн оюндарда жеңүүчү болуп келишкен. Ысык-Көлдөгү машыгууга чейин биздин команда Чункурчак капчыгайында машыккан», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×