Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 17.08.2018 08:45 Жаңыланды: 17.08.2018 12:21 На русском

Ысык-Көлдө эс алган ит (сүрөт, видео)

Turmush -  Ысык-Көл көлүндөгү эс алуучу ити менен кошо сууга түшүп жаткан учурду күбөлөр видеотасмага тартып алышкан. Мындай көрүнүшкө ошол аймакта жүргөн эс алуучулар нааразы болушту, деп билдирди окуянын күбөсү Чолпон Өмүрканова.

«Мен өзүм Каракол шаарынан болом. Чолпон-Ата шаарында теплоходго эс алуучуларды түшүрүп турам. Күндөгүдөй элди теплоходго түшүрүп коюп, көл жээкте отурганда бир эс алуучу ити менен көлгө түшүп жатканын көрдүм. Ал эс алуучуга барып айтайын десем көл жээкте "жаныбарлар менен түшкөнгө болбойт" деген белги жок экен. Ошол жерди көзөмөлдөп турган балага барып айтсам, "биз ар бирөөнүн артынан ээрчип жүрмөк белек", деп кайдыгер мамиле кылып койду.

Теплоход менен көп пансионаттарга барып иштешебиз. Айрымдарында жаныбарлар менен түшкөнгө болбойт деген тыюу белгиси бар. Ит айбан, көлдүн ичин булгашы мүмкүн. Мен көлгө түшөйүн деп жаткам, бирок итти көргөндөн кийин жийиркеничтүү болгондуктан түшкөн жокмун. Ушундай маселелерге көңүл бурулса жакшы болмок», - деди ал.

Сүрөттөгү ит йоркширский терьер породасынан болушу мүмкүн. Алар 300 доллардан жогору бааланат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×