Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 17.08.2018 11:06

Айыл турмушу: Ооганстандык ишкер Ысык-Көлгө 20 түрдүү баалуу таштардан жасалган буюмдарды алып келди (фото)

Turmush -  Ооганстандык Барот Али кымбат баалуу таштардын 20дан ашык түрүнөн ар кандай буюмдарды жасайт. Ал жасаган эмгектерин Ысык-Көлгө алып келген.

40 жаштагы кол өнөрчү Turmush басылмасына берген комментарийинде билдиргендей, ал бала чагынан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Бул кесипти ал Кабулда белгилүү кол өнөрчү деп эсептелген атасынан үйрөнгөн.

«Бул иш менен бир гана атам эмес, алардын атасы жана чоң атасы дагы алектенчү. Мен эс тарткандан бери эле ушул кесипти аркалап келе жатам. Ооганстан кымбат баалуу таштарга бай өлкө десем болот», - дейт кол өнөрчү.

Барот табигый таштардан аялдар үчүн азем буюмдарды, идиштерди жана азем белектерди жасайт. Кабулда Бароттун өзүнүн усканакасы бар, жардамчылары ага аялдардын буюмдарын жасоого жардам беришет.

«Устакана мага атамдан калган. Ал жабылып калбашы үчүн бардык аракетимди жумшайм. Анда зергерлик иштер менен алектенген уста, чеберлер иштешет», - дейт ал.

Өзүнүн жасаган эмгектери менен ал дүйнөнүн 15 мамлекетинде болгон. Анын эмгектерин Иран жана Өзбекстандагы аялдар абдан баалашат.

«Ирактын аялдары табигый таштарды жакшы көрүшөт, алардын ар бири таштын эмнеге пайдалуу экенин билишет. Өзбекстандын аялдары дагы табигый таштардын кандай экенин билишет. Ал эми Кыргызстандын аялдары таштан жасалган буюмдарды көп жактыра беришпейт экен. Алар сурашат, бирок көпчүлүгү агат кандай экенин биле беришпейт. Чолпон-Ата шаарындагы көргөзмөгө үч жылдан бери келем. Элдер акырындык менен көнүп калышты. Кийинки жылы дагы келем. Анда башка таштардан жасалган буюмдарды алып келем», - деди ал.

Барот 6 баланын атасы. Эң улуу баласы 18 жашта. Аялы үйдө балдарын карайт. Ооганстанда аялдардын көпчүлүгү иштешпейт, себеби жергиликтүү менталитет жол бербейт. Ал эми Бароттун тапкан кирешеси үй-бүлөсүн багууга жетет.

«Менин жасаган эмгектерим дүйнөнүн 15 мамлекетинде көрсөтүлгөнүнө сыймыктанам. Кол өнөрчүлүк менен алектенип, өз үй-бүлөмдү багып келем. Айына 1,5 миң долларга чейин киреше табам. Бул биз үчүн жакшы акча. Бул акчанын көпчүлүгүн чыгармачылыкка жумшайм», - деди ал.

Мындан тышкары Бароттун Кабулда таштан жасалган буюмдар сатылган дүкөнү да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×