Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 21.08.2018 13:31

Ысык-Көлдө 16 жаштагы өспүрүмдү толкун алып кетти (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-августта Чолпон-Ата шаарында 16 жаштагы өспүрүм көлгө чөгүп кетти.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, чөгүп кеткен жарандын өздүгү такталып, ал Баткен облусунун Кадамжай районунун 2002-жылы туулган тургуну Ж.А.Э. экендиги аныкталган. Ал достору менен Ысык-Көлгө эс алууга келген.

Күбөлөрдүн айтымында, ал досунун сууга түшүп кеткен баш кийимин алып берүүгө аракет кылып жатып, көлгө кирип кеткен. Толкун учурунда ал суудан чыга албай калган. Анын денесин суучулдар алып чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×