Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 31.08.2018 22:12

Чолпон-Атада Эгемендүүлүк күнүнө арналган спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө арналган спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мелдеш шаардык мэрия тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөргө майрамдын урматына даярдалган белектер тапшырылды. Шахмат, кичи футбол, күрөш боюнча өткөн мелдешке шаар тургундары активдүү катышты.

Ал эми жеңил атлетика менен машыккандар мамлекеттик тууну желбиретип, шаарды аралап чуркап өтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×