Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 02.09.2018 19:18

Өлкө башчысы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 2-сентябрда Кыргызстанга Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келди. Аны Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында жайгашкан "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тосуп алды. Андан кийин ал кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолукту.

Казакстандын президенти III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VI саммитине катышат.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×