Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 02.09.2018 21:56

Видео: Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюндарынын ачылышы өттү

Turmush -  Бүгүн, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өттү.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Казакстан, Түркия мамлекеттеринин башчылары, Венгриянын премьер-министри, БАЭнин Фужейра эмирлигинин канзаадасы жана башка өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү катышты.

Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданында 1,5 миң өнөрпоздун катышуусунда театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды. Андан кийин Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары, спорт делегаттары параддан өтүштү.

Жаштар иштери, маданият жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкуловдун маалыматына караганда, быйылкы оюндарга 37 спорттун түрү - ат чабыш, ат үстүндөгү мелдештер, улуттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер, салттуу интеллектуалдык оюндар, жекеме-жеке күрөш, салттуу жаадан атуу, салбуурун улуттук аң уулоонун түрлөрү жана башка оюндар кирди. III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 66 өлкөдөн жана Россиянын бир катар субъекттеринен 1556 адам катышууну билдиришкен. Спорттук оюндарда бардыгы 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш, 247 коло) ойнотулат. Көчмөндөр оюндарынын жалпы сыйлык фонду - 28 миллион сом.

Ири иш-чараны чагылдыруу үчүн Кыргызстанга дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн чет элдик ЖМКнын 500дөн ашык өкүлдөрү келишти. Анын ичинен 500ү телеканал, 12си радио, 67си маалымат агенттиги, 48и гезит, 50сү блогерлер.

Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×