Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 03.09.2018 08:01

Ысык-Көлгө Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келди (сүрөт)

Turmush -  Кыргыз Республикасына 2-сентябрда Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев келди. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тосуп алды.

Ильхам Алиев бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VI саммитине катышат, деп маалымдайт өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши – бул заманбап түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм жана анын негизги максаты мүчө-мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттер катары Азербайжан Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасы саналат.

Быйыл Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешиндеги төрагалык Казакстандан Кыргыз Республикасына өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×