Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 03.09.2018 08:28

Көчмөндөр оюндары: 66 өлкөнүн спортчулары парадда. Фоторепортаж

Turmush -  Бүгүн, 3-сентябрда Ысык-Көл облусунда III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улантылат. Жалпысынан оюндарга 66 өлкөнүн 1556 спортчусу, ошондой эле Россия Федерациясынын 11 субъектисинен келген өкүлдөр катышмакчы.

Иш-чаранын 2-сентябрда кечинде өткөн салтанаттуу ачылышына Кыргызстан, Казакстан, Түркия мамлекеттеринин башчылары, Венгриянын премьер-министри, БАЭнин Фужейра эмирлигинин канзаадасы жана башка өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү катышты.

Алгач Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданында 1,5 миң өнөрпоздун катышуусунда театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды. Андан кийин Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары, спорт делегаттары параддан өтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×