Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 03.09.2018 10:05

Көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болду

Turmush -  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүчү көк бөрү боюнча мелдеште Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болду.

Атаандаштарды аныктоо боюнча чүчү кулак кечээ, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өттү. Бул жолку Көчмөндөр оюндарындагы мелдешке жалпы 12 команда катышмак болду. Командалар 4 тайпага бөлүндү. Бүгүн, 3-сентябрда Кыргызстан менен Моңголиянын мелдеши башталды.

Тайпалар:

А тайпасы: Кыргызстан, Алтай, Моңголия;

B тайпасы: Москва, Кытай, Афганистан;

С тайпасы: Казакстан, АКШ, Красноярск;

D тайпасы: Башкирия, Франция, Өзбекстан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×