Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 03.09.2018 10:18

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Чолпон-Ата шаарына келди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди. Аны аэропорттон биринчи премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Ш.Мирзиёев бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VI саммитине катышат.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши – бул заманбап түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм жана анын негизги максаты мүчө-мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттер катары Азербайжан Республикасы, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия Республикасы саналат.

Быйыл Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешиндеги төрагалык Казакстандан Кыргыз Республикасына өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×