Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 03.09.2018 10:55 На русском

Делегациялардын келип жатканына байланыштуу Ысык-Көлдө жолдор тосулуп жатат

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин жетекчилеринин саммити жана Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндары башталгандыгына байланыштуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, делегациялардын келип жатканына байланыштуу айрым жерлерде жолдор тосулуп жатат. Министрлик Ысык-Көлдөгү конокторду буга түшүнүү менен мамиле кылып, мыйзамдуулукту сактоону суранат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×