Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 03.09.2018 11:28

Чолпон-Атада түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммити өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин (ТТМК) мамлекеттер башчыларынын жолугушуусунун расмий аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, делегациялардын башчыларын президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Жолугушуунун расмий аземинен кийин чогуу сүрөткө түшкөн соң ТТМК өлкөлөрүнүн лидерлери Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешине мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин кеңири курамдагы жыйынына багыт алышты. Саммитке Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышууда. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан саммитке ардактуу конок катары катышып жатат. Отурумдун жыйынтыктары боюнча биргелешкен документтерге кол коюлат. Саммитте Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешине төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Европанын ортосунда жайгашкан Венгрия өзүнүн түрк тарыхын, салтын, туугандык-достук тамырын унутпай бүгүнкү саммитте түрк кеңешиндеги байкоочу макамын алгандыгын билдирди.

Анын айтымында, түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын бүгүнкү саммити уюмдун географиясынын кеңейишинин жана башка мамлекеттер менен кызматташууга оң таасирин тийгизип жаткандыгына далил болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×