Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 03.09.2018 13:31

Көчмөндөр оюндары: Кытайдын көк бөрү боюнча курамасы мелдештен четтетилди

Turmush -  Кытайдын көк бөрү боюнча курама командасы III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештен четтетилди. Аталган команда мандаттык комиссиядан өтпөй калганын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кытайдын курамасы четтетилгенден кийин көк бөрү боюнча 11 команда ат салышат. Аталган курама чүчү кулак боюнча Москва шаары жана Ооганстан менен бирге В тайпасына кирген болчу.

Кытайдын көк бөрү боюнча командасы 2016-жылы өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коло медаль тагынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×