Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 03.09.2018 16:10

Казакстандык көк бөрүчүлөр 1-турдагы мелдешке чыккан жок

Turmush -  Казакстандын көк бөрү боюнча командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы тайпалык этаптын 1-турундагы оюнга чыккан жок.

Көк бөрү турнири бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталган. Ал эми казакстандыктардын командасы саат 12:30гө белгиленген 1-турда Красноярсктан келген команда менен беттешмек. Бирок алар оюн талаасына чыгышкан жок. Буга чейин Казакстандын көк бөрүчүлөрү толугу менен Чолпон-Атага келгени кабарланган болчу.

Буга чейин Кытайдын көк бөрү боюнча курама командасы III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештен четтетилгени маалымдалган. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетинин басма сөз кызматы аталган команда мандаттык комиссиядан өтпөй калганын билдирди. Кытайдын курамасы четтетилгенден кийин көк бөрү боюнча 11 команда ат салышмак.

Андан кийин:

Sport АКИpress басылмасына өздүк булактары Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы Ысык-Көлдө өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы мелдешке катыша тургандыгын кабарлаган.

Маалыматка караганда, бүгүн, 4-сентябрда көк бөрү боюнча тайпалык этаптын 1-туру өттү. Казакстандык команда биринчи мелдеште Россиянын Красноярский аймагынын командасына каршы ойномок. Бирок мелдешке чыкпай коюшкан болушчу.

«Казакстандын курамасы оюнга чыгат. Красноярский аймагынын командасына каршы оюн кайра уюштурулат. Техникалык жеңилүү болбойт», - деди алар.

Казакстандыктар 5-сентябрда АКШнын командасына каршы ойнойт.
Казакстандыктардын жообу:

Кыргызстан бизге аттарды камсыздап берди, бирок биздин курама командада алардын адамдары ойношу керек деген шарт коюшту. Бул тууралуу Казакстандын көкпар боюнча федерациясынын президенти Ерлен Оспанов казак көк бөрүчүлөрүнүн Көчмөндөр оюндарындагы биринчи мелдешке чыкпай коюшкандыктарын түшүндүрүп жатып билдирди.

Казакстандык көк бөрү боюнча команда кечээ, 3-сентябрда Красноярский аймагынын командасына каршы ойношу керек болчу.

«Кыргызстан бизге аттарды камсыздап берди, бирок биздин курама командада алардын адамдары ойношу керек деген шарт коюшту. Биз буга макул болгон жокпуз», - деди Оспанов informburo.kz сайтына берген комментарийинде.

«Эгер Красноярский аймагынын, Башкириянын командасына карасак алардын мүчөлөрү Россияда жашаган кыргыздар. Мындан улам Кыргызстандын чыныгы курама командасын айырмалоо оор. Биз тандоодон өтүп жаткан учурда башка командаларда кыргыздар ойнобошу керек деп катуу айтышкан. Биз буга макул болгонбуз. Жыйынтыгында эмне болгонун караңыздар», - деди ал.

«Эл аралык стандарт боюнча дарбазасы ортодо жайгашкан тайказанга ойноо өтө кооптуу. Биз бул эреже менен 15 жыл ойноп келдик. Бирок жакында башка эреже боюнча оюнга өтүүнү чечкенбиз. Бардыгы буга макул болуп, кыргыздар гана макул болгон жок.

Аттар боюнча, бизде өтө көп мелдештер болот. Аттар эс алышы керек. Аларды Кыргызстандан ижарага алуу чечими кабыл алынган болчу», - деди Оспанов.

Ал буга катар эле Казакстандын көк бөрүчүлөрү Көчмөндөр оюндарындагы мелдешке чыга тургандыгын билдирди.

«Азыр уюштуруучулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргыз тарап кечирип сурап, пландалган оюнду башка күнгө жылдырууну убадалап жатат», - деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×