Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 09.09.2018 11:38

Чолпон-Атада англиялык туристтин жоготкон баштыгын таап берип, калпак кийгизип узатышты

Turmush -  Ысык-Көлгө Лондондон келген турист документтерин жоготуп, ага жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлер жардам көрсөтүштү. Бул окуя тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Саякатчы Майкл Англиядан Ысык-Көлдү көрүп, III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылышына күбө болуу үчүн мындан 4 күн мурун келген. Ал Чолпон-Ата шаарына бара жаткан жолдо жон баштыгын таксиге унутуп калган. Ал эми баштыгында документтери жана жеке буюмдары бар болчу.

Унаанын үлгүсүн гана эстеп калган Майкл милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылып, тез арада көрүлгөн аракеттердин жыйынтыгы менен анын жоголгон буюмдарын таап беришти. Ал эми таксист туристти кантип таба турганын билбей жаткан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочулар ал туристке өлкөнүн символдорунун бири болгон ак калпакты белек кылып, ак жол каалап узатышты. Мындай ыкчам көрсөтүлгөн жардамга жана сый-урматка ыраазы болгон Майкл Кыргызстанга кайрадан эс алуу үчүн келе турганын белгилеген.

Англиялык турист Майкл

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×