Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 08.09.2018 21:30

Сүрөт. III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу жабылышы

Turmush -  Бүгүн, 8-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды.

Жыйынтыктоочу маалымат жыйында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: «Дүйнө коомчулугунда III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөдөгү өлкөлөрдүн маданий жана спорттук делегациялары катышкан уникалдуу жана атактуу иш-чаралардын бири катары таанылды», - деп белгилеген.

Саат 20:00гө белгиленген жабылыш азем Чолпон-Атадагы ат майданда 500дөн ашык артисттер, каскадерлор жана спортчулардын катышуусунда салтанаттуу түрдө өттү. Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышында көчмөндөрдүн философиясы сахналаштырылса, жабылышында бул тема заманбапташтырылып улантылды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргыз мамлекетинин эл аралык деңгээлдеги эң ири долбоору. Көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан демилгеленген.

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3 багытта — этномаданият, этноспорт жана илим багытында өттү. «Күч биримдиги — рух биримдиги» ураанын даңазалаган III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу иштерине республикалык бюджеттен 303,1 млн сом бөлүнгөн. Ал эми 2016-жылы II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу иштерине 258,6 млн сом каралган болчу.

Бул жолу спорттук мелдештердин жалпы байге фонду 28 млн сом болсо, маданий бөлүктөгү байгеге 7 млн сом бөлүндү.

Катчылыктын маалыматы боюнча, оюндардын программасына спорттун 37 түрү боюнча мелдештер (2016-жылы спорттун 23 түрү кирген) киргизилди.

Спорттук мелдештердин жыйынтыгындагы командалык эсеп:

- Кыргызстан 100 медаль менен 1-орунга чыкты. Анын ичинде 40 алтын, 30 күмүш жана 30 коло байге бар;

- 2-орунга Казакстан 69 медаль менен чыкты. Анын ичинде 16 алтын, 24 күмүш жана 29 коло байге бар;

- ал эми Россиянын командасы 16 алтын, 11 күмүш жана 25 коло медаль, жалпы 52 медаль менен 3-орунга жазылды;

- кийинки 4-орунда Түркмөнстан (27 медаль — 10 алтын, 5 күмүш, 12 коло);

- 5-орунда Өзбекстан (33 медал — 7 алтын, 8 күмүш, 18 коло) болду.

Жабылыш аземде 2020-жылдагы IV Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы — көөкөргө куюлган мөңгү суусу Түркияга берилет.

Бул жолу 80 мамлекеттен 3000 спортчу келет деп күтүлгөн. 2-сентябрдагы ачылышка 66 өлкөнүн 1556 спортчусу, ошондой эле Россия Федерациясынын 11 субъектисинен келген өкүлдөр катышканы маалымдалган.

Ачылыш салтанатта Филиппин өлкөсүнүн желегин көтөрүп өткөн жалгыз катышуучу — өз өлкөсүндө баатырга айланды. Ал тууралуу бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгып, мекендештери өзгөчө күйөрмандык кылышты.

К.Боронов белгилегендей, I, II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруучулар IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу иштерине да катышат.

Ал эми III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын башчысы Нурсултан Аденов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын энбелгиси, андагы негизги элементтер өзгөрүүсүз кала турганын жана ага Кыргызстан ээлик кылат деп белгиледи.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын энбелгисинин автору — Майрамкул Асаналиев.


Көчмөндөр оюндары

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын маалыматы боюнча, бул жолу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынан 571 журналист каттоодон өтсө, факты түрүндө 604 журналист чагылдырды. Алар дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн келишкен. Алардын ичинде 50 телеканалдын, 12 радиостанциянын, 67 маалымат агенттиктердин, 48 гезиттин өкүлдөрү жана 50 блогер бар. Ачылыш салтанат дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө түз көрсөтүлгөнү маалымдалган.

Ошондой эле III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын 700 өкүлү чагылдырып жатты.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосундагы этношаарчага 7 облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын ордолору түптөлгөн. Жайлоого жалпысынан 1 миңге жакын боз үйлөр тигилди. Алардын арасында Чүй ордосунда 140 жыл мурун жасалган боз үй да болду. Ал эми эң кооз боз үй Талас облусунун ордосунда тигилген.

«Кырчын» этношаарчасы 3-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков баштаган ардактуу коноктор, ошондой эле чет элдик бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылган.

Кырчын жайлоосунда өлкөдөгү жетекчилер да улуттук стилдеги кийимдерди даңазалашты.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү иштерине жалпы 500гө жакын ыктыярчы көмөк көрсөттү.

«Кырчын» этношаарчасында 4 күндүк иш-чаралар жыйынтыкталгандан кийин 7-сентябрда 400гө жакын ыктыярчылар менен экологдор ишембилик өткөрүп, тазалап чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×